ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: 154 жыл мурун Пишпектеги Кокон чебинин толук талкалангандыгы тууралуу рапорт берилген

Өзгөчө Сибирь корпусунун командири Александр Дюгамель Пишпектеги Кокон чебин толук талкалагандыгын билдирип, Аскер министрлигине рапорт берген. Билдирүү 154 жыл мурун, 1862-жылы 27-ноябрда жасалган.

Сибирь корпусунун командири орус аскерлери жасаган согуш операциясы жана чептин стратегиялык маанисин көрсөтүп, аны талкалоого жасалган аракетти төкпөй-чачпай кабарлаган.

Мындан тышкары А.О.Дюгамель "Кокондуктар кайра кайтып, Пишпек чебин калыбына келтиришпейби?" деген суроого так кесе "мүмкүн эмес" деп жооп берген. Анын себебин ал чүйлүк кыргыздардын кокондуктарды жек көргөндүгү менен түшүндүргөн.

27-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан