Түштүк Кореяда президент Пак Кын Хенин отставкасын талап кылган митингчилердин саны азая элек. Кечээ, 26-ноябрда жүз миңдеген митингчилер кар аралаш жааган жамгырга карабай нааразычылык акциясын улантышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, митингге чыккандардын саны миллионго чукулдады. Алар максатына жетмейинче тарабай турганын айтышат. Чуулгандуу иште президенттин аты аталганы алардын кыжырын ого бетер кайнатты.
Прокуратура жакында президенттин жакын таанышы Чхве Сун Силь жана президенттин мурунку жардамчылары Ан Чжон Бому менен Чжон Хо Сонуга карата айып таккан. Чхве Сун Силь президент менен жакын мамиледе болуп, кореялык ишканаларды кайрымдуулук иштерине чоң каражат сарптоого үндөгөн деп айыпталууда. Натыйжада ал каражаттар кайрымдуулукка эмес, жеке кызыкчылыктарга жумшалган.