Бүгүн, 28-ноябрда саат 17:00дө SUPER.KG порталынын 10 жылдыгынын урматына уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак 16-августта жарыяланып, 3 ай бою көптөгөн видеолор электрондук дарек жана WhatsApp аркылуу жиберилди. Алардын ичинен талапка жооп берген 42 видео "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "SUPER.KG 10 жашта" рубрикасынан орун алган. Видеолорду кабыл алуу 16-ноябрда токтотулуп, арасынан жакшы делген 10 видео порталыбызга добуш берүүгө 18-ноябрда коюлган.
Добуш берүү 10 күнгө уланып, жеңүүчүлөр аныкталды. Талапкерлердин арасынан колдонуучуларыбыздын сүймөнчүгүнө ээ болгондор алгачкы күндөрү эле байкалган. Анда эмесе, жеңүүчүлөр менен тааныштыра кетсек.
1-орунга 5 жаштагы Жанеля Светюкова ээ болду. Атасы Андрей Светюков кызынын сынакка катышканын кечээ эле билген.
"Сынак башталганда карындашым кызымды тартып, видеосун жиберип коюптур. Ал тууралуу мага деле айткан эмес. Өзү Италияга кеткен. Кечээ эле байланышып, сынак тууралуу айтып, алдынкы орунда келе жатканыбызды кабарлады", - дейт Андрей Светюков.
2-орун Абиталиф Ариновго буюрду.
"Сынак тууралуу "Соңку кабардан" окуп калгам. Шак эле оюма таймлапс тартуу идеясы келди. Анан досум Сулайман-Тоодон ыр ырдады. Жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Колдонуучулардын ою менен болот дегем", - дейт Аринов.
3-орунду Бакыт Бекташевдин видеосу акыркы сааттарда Сүйүнбек Турубек уулунун видеосу менен "алышып" жатып алып кетти.
"Сынак тууралуу үйдөгүлөр айтып калышты. Инилерим менен карындашым да кызыгып калышыптыр. Аларга белек деле эмес, катышуу маанилүү болчу. Бир күн ойлонуп, ошол кезде популярдуу болуп жаткан "Pen Pineapple Apple Pen" ырына пародия жасадык. 2 сатта араң тартып бүткөнбүз", - дейт Бекташев.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!
Белгилей кетсек, белектер үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылат.
Байге фонду:
1-орунга ноутбук;
2-орунга планшет;
3-орунга уюлдук телефон.