Бүгүн "Дордой" базарында кулаган бастырмадан жабыркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө

Бүгүн "Дордой" базарында кулаган бастырманын астында калган беш адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүнө, бири патология бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
"Кабыргалары жана буту сынган 1963-жылкы В.З., төшүнөн жаракат алган 1985-жылкы А. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан. Ошондой эле бул бөлүмгө Казакстандын эки жараны 1957-жылкы Т.Н. жана 1978-жылкы Ж.О. жайгаштырылышты. Ал эми 1976-жылкы Кыргыз өлкөсүнүн жараны патология бөлүмүндө", - деп билдиршти басма сөз кызматы.
Мэриянын маалыматы боюнча, бастырма 450 чарчы метрди басып калган.
"Дордойдо" бастырма 5 кишини басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aramisa
2016-11-29 19:10:00
Элдер кайда баратат? Камерага тартбай бир азда болсо жардамдашса болот эле.((
+1
Kroxa
2016-11-30 11:48:46
Жон деле карап турушпайбы ага караганда тартсын кантип алып чыкканын,,коргозчулорго базаркомго корсотсун да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан