Бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарында кулаган бастырманын астында 5 адам калган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Тез жардам" кызматы баарын Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен. Аларга жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бастырма кулаган жер курчоого алынып, көзөмөл кызматкерлери коюлуп, милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Борбордук өтмөктө болжол менен бастырманын 60 метри кулаган. Айланасын 20дай кызматкер тазалоодо.
Жабыр тарткандар:
1. 1976-жылкы Я.Ф., белинен жабыркаган;
2. 1954-жылкы В.З., сол капталынын кабыргалары, бутунун таман бөлүгү сынган;
3. 1978-жылкы Ж.О. аттуу Казакстандын жараны, баш мээси чайкалган, чекесинен жаракат алган;
4. 1956-жылкы казак жараны Т.Н., баш мээси чайкалган, сол далысы сынган болушу мүмкүн;
5. А. аттуу жаран, башын оорутуп, бут бармактары чыгып, төшүнөн жаракат алган.