Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алууда. Бул тууралуу "Тез жардам" станциясы кабарлайт.
"Акыркы күндөрү "Тез жардам" станциясына болгон кайрылуулардын саны жогорулады. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен жабыркагандар көбөйдү, өзгөчө кичинекей балдар арасында. Тилекке каршы, өз убагында жардам берүүгө ресурстар жетишсиз, мындан улам жардам кечигүү менен көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде "103" кызматына 1029 кайрылуу түшүп, аларды 38 бригада тейлеген.
"Тез жардамды" дене табын түшүрүү үчүн дары сайдырууга да чакырып жатышат. Андай дары сайылбай турганын эскертебиз. Баланын дене табын түшүрүү үчүн дары берип, комната температурасындагы суу менен сүртүп гана түшүрүү керек. Ошондой эле балдарга аспирин берүүгө болбойт", - деп эскертилет маалыматта.
Тургундарга кеңеш:
1. Эгер ооруп калсаңыз, үйдөн чыкпаңыз, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз, себеби инфекция тарап кетиши мүмкүн;
2. Ооруга чалдыкпоо үчүн сасык тумоо менен ооруган адамдардан алыс болуңуз;
3. Жөтөлсөңүз же чүчкүрсөңүз жүз аарчыны колдонуңуз;
4. Колуңузду самындап жууп, спирт кошулган каражат менен сүртүп туруңуз;
5. Мүмкүн болсо эл көп чогулган жерде көп убакыт өткөрбөңүз;
6. Бөлмөлөрдүн терезелерин ачып бөлмөнү желдетип туруңуз;
7. Туура тамактанып, активдүү болуңуз;
8. Эгер ооруп үйдө болсоңуз, ооруну жайылтпоо үчүн медициналык бет капты тагынып жүрүңүз;
9. Ооруп калган адамды өзүнчө бөлмөгө жаткырып, өзүнчө идиш, бет аарчы бериңиз;
10. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына антибиотик жардам бербейт;
11. Дене табыңыз жогору болсо, жеңил кийиниңиз.