Катуу шамал кытайлык тургундун банкка алып келген акчаларын учуруп кетти

Кытайдын Цзянсу провинциясындагы Яньчэн шаарында катуу шамал банкка алынып келинген акчаларды учуруп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарда жогоруда аталган шаардын Ян Цзяван аттуу тургуну банкка 30 миң юань (300 миң сомго жакын) алып келгени айтылат. Ал мотоциклин атайын жайга токтотуп жаткан учурда катуу шамал болуп, кароосуз калган акчаларын учуруп кеткен. Цзявандын кыйкырыгы көчөдө өтүп бара жаткандарды жана банк кызматкерлеринин көңүлүн бурган. Алар жааган жамгырга карабай шамал учуруп кеткен акчаларды жыйноого жардам беришкен. Кызыгы, акчаны эсептеп чыккан соң бир да тыйыны жоголбогону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
abusait
2016-11-30 10:48:53
Бизде болгондо созсуз жарымы жоголмок..
+30
bekhaliev
2016-11-30 11:32:09
abusait,мотоциклда жоголмок бизде
+24
modem4999
2016-11-30 12:56:30
abusait,биздикилер учурбайт ,бороон болсо дагы.
+11
temirov76
2016-11-30 15:39:17
abusait,жарымы эмес баарын эле таппай калмаксың
+5
DUNI
2016-11-30 11:04:16
нак пешене тер мн тапкан акча экенда
+27
Begimkyz.
2016-11-30 11:23:27
Ар кимдин акчасы озуно эле буюрсун да.
+22
Bazana
2016-11-30 11:28:04
Элестетип кордум меенет кылып жыйнаган акчан учуп кетип атканын бакырбасанда болбойтта
+16
Medina87
2016-11-30 11:44:42
Кытайлар кыйын калк келет мээнеткеч. Адал акчасы насип кылыптыр
+15
Salimboy
2016-11-30 16:24:21
Бизде болгондо эчаак эле учурбай туруп мотоциклин жайгаштырып аткандале пакети менен жоголот элего шамалдан мурда эки бутуу шамал учурат болчу.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан