"Эгер Орусияга каршы санкциялар салынбаганда, кыргыз экономикасынын абалы башкача болмок" дейт Сооронбай Жээнбеков

Орусияга каршы салынган санкциялар Кыргыз Республикасынын экономикасына таасир этти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, эгер аталган санкциялар салынбаганда, кыргыз экономикасынын абалы башкача болмок. "Санкциялардан улам Орусияга импорт кирбей калды. Евразиялык экономикалык биримдигинде Орусия биз үчүн негизги донор. Жакында ЕАЭБдин премьер-министрлери менен жолугуп, соода-сатыкты күчөтүү маселесин талкууладык. Бул багытта мамлекет башчылары да иштеп жатышат. 2017-жылы бул маселе оңоло башташы керек. Учурда импорт боюнча өсүүлөр байкалууда", - деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, АКШ жана айрым батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү 2014-жылдын мартында, Украинанын чыгышындагы окуялар, Орусия Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин баштаган. Санкциялар негизинен энергетикалык жана каржылык тармактарды камтыйт. Чектөөлөрдү бир жылга кармоо чечимин алгач АКШ, анын артынан Евросоюз кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MAN-CITY
2016-11-30 11:16:24
Россияга товар алып отуу ото кыйынго дагы деле, ЕАЭБдин пайдасы деле жок. Россия эмес даже казакстанга зорго алып отосун мисал фрукты овощилерди. Айрыкча физлицолорго кыйын.
+2
admin_portal
2016-11-30 12:57:56
adyl.xxxxx, этика нормаларын сактаңыз!
-1
nura.177
2016-11-30 16:16:24
Силер отуруп алып жебей иштешенинерде да биздин экономикабыз онугуп , биз ар жерде темселебей балдарыбызды кучактап , ата энелерибиздин жанында , оз уйубуздо оз мекнибизде тынч жашамакпыыыыыыыз , жеп жутарлар
+1
bond0202
2016-11-30 17:31:39
ар нерсени айтып башты оорутпай Собянин менен суйлошуп кыргыздарга каршы рейд жургузгонун токтотсонор жакшы болмок
0
AKCAHAT
2016-11-30 19:52:45
Орок оролбаган орок тандайт . Калп эле башка бироого куноону иле салбай иштегиле. Россиясыз деле жылына канчалаган миллиард долларлык инвестициялар агылып келет . Кана ошо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан