Бишкек шаарындагы мектеп менен чиркөөдөгү өрт кырсыгынын чыгымдары такталууда

Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндө 29-ноябрь күнү орун алган өрт кырсыгынын чыгымдары такталууда. Мындай маалыматты бүгүн, 30-ноябрда Өзгөчө кырдаалар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигинин директору Нуржан Осмоналиев маалымат жыйында билдирди.

"Токомбаев көчөсүндө баптизм агымындагылардын сыйынуучу үйү күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 9 унаа, 80ге жакын кызматкер тартылган. Көпчүлүк адамдар өрттүн чыгып кетишине көңүл кош мамиле жасап жатышат. Сыйынуучу жайдын 1600 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттүн жалындап кетишине чиркөөнүн тез күйүүчү материалдар менен курулгандыгы себеп болгон. Учурда чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат. Ал эми "Ала-Тоо" аквапаркындагы өрт 50 миллион сомго жакын чыгым алып келди", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигинин директору.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан курулушта буга чейин эреже сакталбаган 6 факт катталган.

"Имаратты өрттөн кийин карап чыктык. Бул курулушта эч кандай эрежелер сакталбагандыгы такталды. Ошол эле учурда имарат пенопласт менен жылууланыптыр. Мындан сырткары имараттын ичинде 200 литр күйүүчү май бар экен. Жогорудагы келтирилген кемчиликтердин натыйжасында өрт жалындап кеткен", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалар министрлигинин Өрт өчүрүү башкармалыгынын башчысы Мирбек Жээналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vangolu
2016-11-30 12:05:09
жалган маалымат таратпасын.баптист деп айтпасын.
-2
MES
2016-11-30 13:39:42
Баптизм болсо баптизм деп айтатта анан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан