"Алкан" базарынын вице-президенти: "Бастырма кулаганда жабыркагандардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат"

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкекте "Алкан" базарынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, бастырма кулаган окуя боюнча айтып берип жатышат. Вице-президент Чыңгыз Алканов бардык жоопкерчиликти базар администрациясы аларын билдирди.

"Бастырмаларды 8 жыл мурун алмаштырганбыз. Албетте, учурдун талабына ылайык курулуш материалдары менен жабылган. Биз бул материалдар бардык сыноолорго туруштук берет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, ушундай окуя катталды. Кырсыкта жабыркагандарга дары-дармек алып берүү, алардын калыпка келүүсү, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликти биз алабыз", - деди ал.

Ал эми жабыркагандардын абалы боюнча Ч.Алканов буларга токтолду: "Бастырманын үстү кулаган маалда соода кылуу үчүн келген апасы жана кызы да жабыркаган. Алардын бири учурда жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Дарыгерлер болгон аракеттерин жумшап жатышат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vanga_78
2016-11-30 11:49:53
Керегем сага айтам, келиним сен ук демекчи калп айтпасам элдик кабардан Дордойдогу бастырма коопту абалда деп ушул кырсыка чейин эле какшап атышты эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан