Өзгөн райондук соту кичинекей балдарын мушташтырган аталарды 2 жылга шарттуу кести. Тиешелүү чечим бүгүн, 30-ноябрда чыгарылды.
Буга чейин кичинекей эки баланын канга боёлгончо мушташып жатканы тууралуу видео интернетке чыгып, коомчулук арасында талкууга алынган. Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп, видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында тартылганын аныкташкан. Кийин балдардын аталары 1970-жылы туулган Бактияр Низамов жана 1987-жылы туулган Хосилжон Алимов камакка алынышкан.