Учурда ири базарларда, соода комплекстеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кардан арылтуу, кырсыктардын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв билдирди.
Ал эми Ишкерлердин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева эскертүү иштери Алматыда катталган окуядан кийин эле башталганын айтты. "Чоң жыйын өткөрүп, бастырмаларды кардан арылтуу боюнча сүйлөшүү болгон. "Алкан" базарында мындай болуп кетет деп эч ким күткөн эмес", - деди ал.