Теориялык жана прикладдык химиянын эл аралык бирикмеси Д.Менделеев түзгөн химиялык элементтердин мезгилдик системиндеги жаңы элементтерге ысымдарды ыйгарды. Алар 113 - нихоний (Nh), 115 - московий (Mc), 117 - теннессин (Ts) жана 118 - оганесон (OG). Аталган бирикме бул билдирүүнү бүгүн, 30-ноябрда өз баяндамасында жарыялады.
Д.Менделеев 1869-жылы химиялык элементтерди атомдук түзүлүшүнө жараша жайгаштырып, мезгилдик систем түзүп чыккан. Анда изилденген элементтердин саны 118ге жетип, ал эми келечектин окумуштуулары тарабынан изилдениши мүмкүн делген 8 элементке системде орун калтырылган. Ошол себептен мезгилдик системдеги элементтердин саны 126 деп эсептеп келишет.
Жогорудагы 4 элементти орусиялык, япониялык жана америкалык окумуштуулар ачкандыгына байланыштуу бул өлкөлөргө тиешелүү аттар берилди. Тактап айтсак, 115-московий элементи Орусиянын Москва облусунун урматына, 117-теннессин элементи АКШнын Теннесси штатынын урматына аталган. Ал эми 113-нихоний элементин япониялык окумуштуулар ачкандыктан ("Нихон" - Япониянын япончо аталышы) ушундай атоого токтолушса, 118-оганесон элементине орусиялык атомдук-химик Юрий Оганесяндын ысымы ыйгарылган.
Белгилей кетсек, буга чейин 2011-жылы илимпоздор 114-ливерморий жана 116-флеровий элементтерин ачып, системге кошушкан. Мындан сырткары 1955-жылы ачылган жаңы 101-химиялык элемент Менделеевдин өзүнүн урматына менделевий деп аталып, системге кирген. Учурда окумуштуулар 119-120-элементтердин үстүнөн изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурлары.