Москвада 3-класста окуган баласы бар энеге мыйзамсыз миграция боюнча айып тагылып, камакка алынды

Москванын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнүн мигранттары көйгөйлүү экенин айтып, миграцияны жөндөө бошоңдобосун билдирген. Андан көп өтпөй, Москвадагы мигранттардын бири SUPER.KG порталына алар жашаган батирди полиция кызматкерлери текшерип, документтери жайында болгон 10 кыргызды кармап кетишкенин билдирди.

"Биз жашаган батирге полиция кызматкерлери келип, 10 кыргызды кармап кетишкен. Баарынын документтери мыйзамга ылайык болчу. Бир гана катталган дарегибиз боюнча жашабайбыз. Алардын баарын депортация кылабыз деп, акыры 9 адамды бошотуп, 3-класста окуган баласы бар Фарида деген эжени алып калышыптыр. Баласынын кан басымы жогору, учурда ооруп, энесин сагынып ыйлап жатат. Эмне кыларыбызды билбейбиз", - дейт өзүн атагысы келбеген жаран.

Жердештер камакка алынган жаранга адвокат жалдашканын кошумчалады.

"Ал батирди бир байке ижарага алып, баарыбыз ошол жакта жашап, ай сайын акчасын ага берип турчубуз. Полиция кызматкерлери батирге киришкенде, билбегендер ижарачы катары тиги эжени айтып коюшуптур. Мындан улам ал эжеге мыйзамсыз миграция боюнча айып тагылып жатат. Өзү кафеде идиш жууп иштечү", - деп кошумчалады кошунасы.

Бизге кайрылган жердештер тиешелүү кызматтагылар камактагы жаранга жардам көрсөтүшүн суранышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
futboler
2016-12-03 16:45:49
Айланайын Супер-Инфо, унубузду элчиликке, Улуу Урматтууларга жеткирип койгулачы, жумушка тургай магазинге чыга албай калдык го!!!
+24
asan08
2016-12-03 17:32:35
Саламатсыздарбы!!! Мени сентябрь айынын акырында рейд журуп жатканда вдворения кылып ташташкан базада данныйын жок экен деп бирок мен подвержденияны алып обжалования жаздырып судка кайрылгам. Эки айдан кийин кечээ 2декабрь куну кайрадан судка чакырды кудайга шугур актады.!!! Ушундай учурга туш болгондор созсуз кайрадан аппеляцияга бергиле. Менттер план толтуруш учун каалаганын кармап алып кетет
+6
bond0202
2016-12-03 17:45:17
Аша телевизордон торт саат ойду тоону суйлогондун ордуна ушул проблеманы чечпейби
+15
ilgis1991
2016-12-03 18:30:28
Москвадан депортация болуп келгендер анан акча жоктун айынан кылмышка барат.бечаралар.Кийин ;кардар таксиссти бычактады,ууру квартираны тоноду,телефонун бир адам уурдатты ж.б.деп жанылыктардан окуйбуз.
+6
Ibragim.osh2016
2016-12-03 18:46:39
Биздин квартирага да кирип 5бузду тутуп кетти подезьден тушкондо 2кыз жолдо жумушка кетип аткан экен аларды да тутту 7буз нары машинада 1кыргыз эже бар экен ал менен 8 бир машинага салып алып барып 3саат кармап отурду эми кочуш керек квартирадан дагы келет билип алды да подезден тушкондо бир тажикби озбекби жаныбыздан отту кармабады жиним келди карап менттерге же рабочий форма кийип алганына ошентиби
+8
toolos1982
2016-12-03 18:52:55
Кандай болсо да кыйын болуп калды москвада иштеген
+7
tursunbaev78
2016-12-03 22:12:48
Кашасын чыгарды Россиянын аскердик базасын чыгарам деп эми мигранттарга кыйын болот орустар кекчил калк
+7
isnur93
2016-12-03 23:45:46
Кичине бизди ойлоп койсон боло,жок нерселер менен,курук убадалар менен качанга чейин бизди алдайсын?анысы аз келгенсип ана кошунага эмне дедин эле?балдар кочого чыкса кошунанын балдары кыйнап жатат,ар нерсени айтып,кранынан суу алып турчулек аныда арандан зоорго берип жатат,тандырына нан жаап турчулек,аныда суранып атып аран жаап жатам,биринчи уйго кичине шарт тузуп,суу чыгарып,тандыр куруп,анан суйлобойсунбу кошуналарга,озу кыйналып зорго тиричилик кылып жатканда,эч нерсе дебейле койбойт белен,
+9
tursunbaev78
2016-12-04 01:49:27
АША жүргөн жери каша
+9
tursunbaev78
2016-12-04 02:17:29
АША дагы Акаев менен Бакиевтин кейпин кийгени калды
+4
kemel81
2016-12-04 04:16:49
Жамандын кесепети деген ушул болот.
+2
momun74
2016-12-04 10:57:38
Сак аман болгула алыста жаргон кызгыз элим!
+3
Ago
2016-12-04 15:17:52
Кыргыздар оз алдынча жашай албайт турбайсынарбы.Бироонун оозун, бироонун кочосун шыпырып,кынк этпей. Кыздарго мейли корунгон улуттун астында жашай берет ЭРКЕКТЕР силер намыстангылачы!!Эртен ыссык колду бер болбосо кыргыздарды депорт кылам десе берип койосунарбы?
+5
Ramzan1982
2016-12-04 17:55:56
Азыр деле кеч эмес урматту Кыргыз элим уйго кайткыла эгерде туткан Кыргызды камап жатса ич ичинден эзилип кетесинда Кыргызстанда ачтан олбосок керек дейм
+1
erikkarakulja
2016-12-04 23:37:03
Кандай гана кыйынчылыкты баштан откоруп жатабыз Кыргызым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан