Москванын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнүн мигранттары көйгөйлүү экенин айтты

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар бийликтин көйгөйү экенин айтты. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазды.

Анын айтымында, Москвада мигранттардын 40 пайызы мыйзамсыз иштешет. Алардын көпчүлүгү нөөмөт ыкмасы менен, башкача айтканда, шаарда 90 күнгө чейин каттоосуз келип иштегендер. Мэр Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мигранттар эмгек келишимдерин түзбөй жана салык төлөбөй иштешерин айтты. Мындан улам шаар бийлиги Федералдык башкармалык менен биргеликте бул жагдайдан чыгуу жолун издеп жатканын кошумчалаган.

"Мигранттардын агымы, тилекке каршы, шаарда коопсуздук жаратпайт. Жалпысынан Москва мигранттар үчүн өтүүчү короо эмес экенин айта алам, бирок миграцияны жөндөө бошоңдобойт. Мигранттар Орусиянын мыйзамына баш ийиши керек", - деген өз сөзүндө Собянин.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи бөлүгүндө мигранттар Москванын казынасына 7 миллиард рубль өлчөмүндө салык төлөшкөн. Август айында Орусияда эмгектенген мигранттардын профсоюзунун төрагасы Ринат Каримов Собянинди мигранттар үчүн патенттин баасын төмөндөтүүгө чакырган. Анын айтымында, патенттин учурдагы баасы мигранттардын мыйзамсыз иштешине түрткү берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Medina87
2016-11-29 09:09:54
Кыргыз олкосунон барган мигранттарга Москва проходной двор эмес дейт урматтуу МЕР города Собянин.
Эгер, ошол мигранттар болбосо озунун местный Москвич(ка)тери иштешмекби ошол 12 сааттык жумуштарда? Салыктын эле эсебинен казынасына канча деген миллиарддар тушуп жатса да именно Кыргыз олкосунун мигранттары дегени жакпады. Кайра документ жасабай мындай эле иштегендер тууралуу айтканына ынанып да калдым.
+11
omor.86
2016-11-29 09:13:00
Ачык эле айтпайсынбы созду айландырбай.
+6
sultan89
2016-11-29 10:09:24
кароче как не крути мы там чужой так
что орустарга жабыша бербей оз мекени
бизди онуктуролучу Кыргыз елим
гр рф алып жыргагандар бир кун окунуп
калбагыла.
+7
kuba0506
2016-11-29 09:26:14
Кыргыздар патент толобой калышты да,ошого ичи куйуп атса керек Мэрдин
+15
mambo-1984
2016-11-29 09:29:20
kuba0506,туура айтасын
+10
adi.ali94
2016-11-29 09:33:39
Мигрант аттулар бир эле күн жок болсунчу.. Москваңдын абалы мышык ыйлагыдай болуп калаар..
+14
Begimkyz.
2016-11-29 11:03:13
Эми кайра патентке окшогон бир нерсе ойлоп таппаса экен. Озубуз да жон журбой бирибизди бирибиз бычактап, тоноп, алдап журобуз да. Озубуздун куноону да кичине сезиш керек. Бироонун элинде маданиятуураак болуп журсок жакшы эле соз укмакпыз. Москва бизсиз деле жашоосун уланта берет.
+18
nur123456
2016-11-29 14:16:43
Begimkyz.,туура кошулам бирок мерге акча тушпой калды кыргыздардан ошого чукулап жатат мейли акчасын толосокда тынч эле журсок болдуле
+4
Bazana
2016-11-29 14:37:37
Кайра толой турган кылса жакшы болмок кыргыздар азыр тр договордун негизинде регистрация жасатып алышып ошол бойдон салык толобой журушот кайсыл жерде иштейсин мигрант боюнча фмске уведомлять этуусу шарт работадатель андай болбосо нелегальный болуп эсептелет жана мвд рф выдворения или депортация кылууга укугу бар.
0
baiyshvip
2016-11-29 14:47:02
Таможенный союз деп кагаз турундо жазылды бирок эч кандай бул союзду алдыга карай суйрогусу эч кимдин келбей жатат!!!Бул союз келечеги жакшы боло турган эле союз бирок пропаганда иштери болмойун ар кандай маданий саясий иштер болмойун Союз онукбойт эл бирикбейт!!!Азыр макал чыкты заманга жараша Кыргыз Казак Армян Беларусь Путинди энсейт а Путин болсо Эвропаны коксойт дегендей!!!
+2
Bazana
2016-11-29 15:54:54
baiyshvip,макалдын автору менмин деп кой
0
semo
2016-11-29 17:57:54
Мер не десе да жарашат биз өзүбүз жалданып кул болуп иштеп атабыз жаман сөздөрдү угуп чыдап жүрөбүз жакшы ел үчүн күйгөн адам келсе биз ушунтип чачырап жүрбөйт елек
+1
Shirin_N88
2016-11-29 22:06:15
Качан биз да оз олкобуздо адамча жашайт экенбиз,эгер ушул иштер Крда болсо жылбай ата- эне бала чакабыздын жанында иштейт элек го. Карапайым эл кыйналып атканын коруп кантип вип класста учушат кантип бюджетке кол салышат кантип кантип кантип тамагынан оокат отот .....
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан