Казакстанда Назарбаевдин эстелиги тургузулду

Казакстанда расмий белгиленген Биринчи президенттин күнүндө Талдыкоргондо Нурсултан Назарбаевдин эстелигинин ачылышы болду. Эстелик Алматы облусунун административдик борбору эсептелген мамлекеттик символдор аллеясынын жанында жайгашкан.

Бул Казакстанда тургузулган Назарбаевдин алгачкы эстелиги эмес. Бир нече жыл мурда Нурсултан Назарбаевдин айкелинен турган композиция өлкөнүн биринчи президентинин сейил багында орнотулган. Астананын борборундагы "Казак эли" монументинде Нурсултан Назарбаевдин айкели жайгашкан. Ошондой эле өлкө башчынын эстелиги Улуттук музейдин залында жана биринчи президенттин Астанадагы китепканасында да бар.

Назарбаевдин эстеликтери чет өлкөлөрдө да бар. Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында казак президентинин колодон жасалган эстелиги турат. 2010-жылы Түркиянын борбору Анкарада да Назарбаевдин айкели тургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ZHYRGAl1412
2016-12-01 00:07:10
Бизге да 90унчу жылы ушундай президент болуп калганда биз дагы боп кеттик эле астананы карасан 2чи нью йорк кылып салган
+11
Nur1k
2016-12-01 00:15:01
ZHYRGAl1412, элине жараша падыша берет кудай. Озубудун пейилибизди ондошубуз керек.
+10
Deniza88
2016-12-01 13:21:08
Nur1k, красавчик !
0
tulpar90
2016-12-01 00:21:11
Өзү мусулманчылыкта мындайга жол берилбейт.
+14
a.m.akmoldoev
2016-12-01 00:52:55
Эмнеси болсо да болору болуптур.
+4
brit
2016-12-01 01:58:16
Алтын менен эстелик тургузса да жарашат! Казакстанды гулдотуп койду.
+9
Deniza88
2016-12-01 13:21:34
brit, ошондо биз кимге эстелик койсок ?!
0
Saribulak
2016-12-01 07:55:18
Баары бир туура эмес!!!
-1
vangolu
2016-12-01 08:06:42
казакстанды мактай бербебиле.шаар тургундары эле жакшы жашабаса.айылдыктары ачка.олбо жаным олбо деп кун кечиришет.Кыргызстанда Кудайга шугур эт май менен жашайбыз
+5
tursunbaev78
2016-12-01 12:03:16
vangolu,эт майы жогу толтура,Кыргыздын жарымы тентип жүрөт дүйнөнүн булуң бурчунда,Казактар эч жакка чыкпайт
-2
piramida
2016-12-01 13:17:57
Казактардын тышкы карызы канча ким билет билсеңер айтып койгулачы.
-1
Deniza88
2016-12-01 13:20:34
piramida, аябай коп ))))
-1
Namystan
2016-12-01 16:47:49
Deniza88, 156млрд$
0
Aramisa
2016-12-01 16:46:31
piramida,100 миллиардтын тегерегинде
0
-NURIK-
2016-12-01 16:55:12
Бизде да жакшы президент болгондо чиркин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан