23-24-ноябрда Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылыкты токтотууга багытталган рейд учурунда 5 мылтык тартылып алынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мылтыктар Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагында алынган. Кармалгандар Н.Ырсалиев жана Г.Абдыкадыров аттуу тургундар болуп чыкты. Тиешелүү материалдар Тоң райондук милициясына өткөрүлүп берилди.