"Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын бюджетинде каралган акчадан 20 миллион сомго килем жана эмерек сатып алганы жатат" деген маалымат жалган. Бул тууралуу 1-декабрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөттүн билдиришинче, Өкмөт үйүнө килем жана эмеректер "машиналар жана жабдуулар" беренесинин негизинде сатылып алынат. 2017-жылкы бюджетте бул беренеге 5 миллион 377 миң сом каралууда. Мурунку жылдарга салыштырмалуу бөлүнгөн акча азайганы, мурунку жылдары бул багытка 14,4 жана 16,1 миллион сом бөлүнгөнү айтылат маалыматта. "2017-жылдын республикалык бюджетинде Өкмөт үйүнүн жыйын залына килем жана эмерек сатып алууга акча каралган эмес", - деп түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, өкмөттүн эмерек жана килем сатып алуусуна республикалык бюджетте 20 миллион сом каралып жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко айткан эле.