"Дордой" базарында жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 2-декабрда билдирди.
"Жабыркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бирөөсүн нейрохирургия бөлүмүнө жайгаштырдык, анын абалы жакшы. Ал эми калган үчөө азырынча жандандыруу бөлүмүндө, алар да эсине келишти. 31 жаштагы А. аттуу жарандын гана абалы бир аз оор", - дейт Кубатбеков.
Эскерте кетсек, 29-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында кулаган бастырманын астында калган беш адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүнө, бири патология бөлүмүнө жаткырылган.