КҮНСЕРЕП: УКМК интернет колдонуучуларына "ууга чыкты"

Бүгүн, 2-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактагы жазган билдирүүлөрү үчүн адамдарды куугунтуктоого кириштиби? SUPER.KG порталына бүгүн УКМК тарабынан кайра-кайра суракка чакырылып жатканын айтып Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылды. Айтымында, УКМК аны социалдык тармактагы "Мурч" деп аталган баракчаны башкарасың деп шекшип жатыптыр. Аталган баракчада бийлик ачык сындалып келет, күлкүлүү коллаждар коомго жарыяланып турат. Кызыгы - УКМК аталган баракчага жабырлануучумун деген адамдын үйүндөгү IP даректен сүрөт жүктөлгөнүн таап чыгыптыр. Бизге кайрылган жаран үйүндө интернетке "Кыргызтелекомдун" кызматы аркылуу кирерин айтат. "УКМКнын кызматкери менин оппозициянын позициясын колдоорумду айтты. Оппозициядагылардын жаңылыгын окусам эле аларды колдогон болуп калбайм да", - дейт ал. Былтыр социалдык тармактагы жазган пикири үчүн активист Мавлян Аскарбеков да УКМК тарабынан чакырылып, суракка алынган.

УКМКнын негизги милдети - өлкөнүн бүтүндүгүн, республикадагы 6 миллион жарандын коопсуздугун сактоо. Социалдык тармакта бийликке жакпаган билдирүүлөрдү жазганы үчүн жарандарды куугунтуктап баштаса, мекеменин майдаланып баратканынын белгиси. Терроризм, экстремизм өңдүү коркунучтардын алдын алуучу органдын кызматкерлери интернетте жарандардын жазышуусун, кайсы саясатчыны колдоп, кайсынысына каршы сүйлөп жатканын аңдып отурганы "УКМКнын кыларга иши жок калганбы?" деген суроону жаратат. Өлкөдөгү жана Жакынкы Чыгыштагы абалды эске алсак, УКМК жасай турган иштер абдан көп. Кечээ маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын аймагынан Орусиянын аскер базасы чыгарыла турганын айтты. Буга жооп кылган Орусия парламентинин депутаты Владимир Жабаров да Борбор Азия аймагында башкы коркунуч терроризм экенин эскертип, эгерде Орусиянын базасы чыгарылса, анда Кыргыз Республикасы террористтер менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болорун айтты. Базанын тагдыры башка маселе. Маселе - өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга чекисттердин конторасынын даярдыгында. Жакында УКМКнын өлкөнүн гана эмес, президенттин тагдырына да көбүрөөк тынчсызданып жатканын көрсөткөн бир окуя болгон. Жогорку Кеңеште массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда айрым депутаттар ММКларда, интернетте президентти мазактап жазгандар көбөйүп кеткенин айтып, буларга УКМК кандай чара көрөрүн сурашты. Жооп катары УКМК өкүлү чектен аша жазгандар боюнча чекисттер комплекстүү иш жүргүзүп жатканын айткан эле. Ысык-Көлдүн тургунун суракка алып жүдөтүү ошол комплекстүү иштин алгачкы жыйынтыктарынан эмеспи? Интернеттеги социалдык тармактарда болобу, жөн гана көчөдөбү, жарандардын жеке пикирин, позициясын билдирүүсү чектелбеши керек. Мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн элдик көзөмөл болгону, сындар айтылып, жазылып турганы керектүү көрүнүш. Интернет аркылуу өздөрүн сындагандарды, мазактагандарды кубалап таап, кармап, жазалоо УКМК жасай турган жумуш эмес.

1-декабрдагы маалымат жыйынында өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасында сөз эркиндигине чектөө жок экенин айтты. "Эгерде өлкөдө сөз эркиндиги жок деп эсептесеңер, ал силердин көйгөй", - деди айрым журналисттерге. Сөз эркиндигинин белгиси массалык маалымат каражаттарынан эле эмес, ачык аянтчага айланып калган социалдык тармактан да сезилип турушу керек эмеспи. Жаранды "оппозициянын пикирин колдойт экенсиң" деп суракка алуу аша чапкандык, адамдардын сөз эркиндигин, пикир билдирүү укуктарын чектөө болуп саналат. Интернетте айтылып жаткан сындар адатта сабаттуулугу, демократтык көз карашы менен айырмаланып келген депутат Дастан Бекешевге да жакпай жатканы көрүнүүдө. Депутат интернет басылмаларын расмий түрдө ММКлардын катарына киргизип, алардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө ачуу сындардын көбү интернетте айтылары чындык. Ал эми адамдардын оозун күчтөп жабуу жакшылыкка алып барбасын азыркы бийлик, УКМК билбей калышы мүмкүн эмес...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан