Facebook социалдык тармагындагы "Мурч" аталышындагы баракча учурдагы бийлик өкүлдөрүн жана президентти маскаралаган сүрөттөрүн жарыялаганы менен аталган тармактын колдонуучуларынын арасында белгилүү. Бүгүн, 2-декабрда Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 1987-жылы туулган Жоомарт Жамгырчиев аттуу тургуну SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери бул баракча ага тиешелүү экенин айтып, бир нече жолу суракка чакырышканын билдирди.
"УКМКнын кызматкерлеринин айтымында, ал баракчага биздин үйдөгү IP дарегинен сүрөттөр жүктөлүптүр. Алгач 30-ноябрда атам менен агамды суракка чакырышыптыр. Андан кийин мени чакырышты. Үчөөбүз тең ал баракчага тиешебиз жоктугун айтып, түшүнүк кат жазып бергенбиз. Кайра кечээ, 1-декабрда Караколдогу бөлүмүндө мени 3-4 саат кармашты", - деди Жамгырчиев.
Жоомарт Жамгырчиев социалдык баракчаларда буга чейин бир гана "Мурч" баракчасына эмес, көптөгөн оппозиция өкүлдөрүнүн, ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин баракчасына да жазылганын билдирди. Ал үйүндө интернетке "Кыргызтелеком" ишканасынын кызматы аркылуу кирерин айтып, wi-fi орнотулганын кошумчалады.
"Канат Табалдиев деген кызматкер суракка алып, кечээ оппозициянын оюн колдоорумду айтты. Мен оппозициядагы адамдардын жаңылыктарын окусам эле алардын оюн колдогон болбойм да. Президенттин деле баракчасына жазылгам, аны эмнегедир айткан жок. Өзүм банкта иштейм, бийликти жамандагандын мага пайдасы жок", - деди Жоомарт Жамгырчиев.