ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Бүгүн британиялык рок-музыкант, ырчы Оззи Осборн 68 жашка толду

Британиялык рок-музыкант, ырчы Оззи Осборн Улуу Британияда туулган. Үй-бүлөсү начар тургандыктан, аны 15 жашында мектептен чыгарып салышкан. Ар кимге жардамдашып акча таап жүргөн. Андан соң уурдап, айып төлөй албай, бир нече убак камакта отурган. Камактан чыккан соң музыкалык карьерасын баштаганга аттанып, "Music Machine" тобунун ырчысы болгон. Кийинчерээк өзүнүн "Earth" тобун негиздеген. Бир нече убак өткөн соң топтун атын "Black Sabbath"деп өзгөрткөн.

Оззи Осборн топтон кеткенден кийин жеке карьерасын баштап, 2010-жылы 100 миллиондон ашык пластинкасын саткан.
1986-жылы "Suicide Solution" ырын уккан бала өзүн өлтүрүп салганы үчүн камакка алынган. "Ырда гипноздоочу үндөр бар, анда элдерди өзүн өзү өлтүрүүгө чакырык жасалат" делген, бирок адвокаттар андай эмес экенин далилдешкен.
21 жашында Тельма Райлиге баш кошуп, эки балалуу болгон. Осборн биринчи аялынан уулун багып алган. 12 жылдан кийин Осборн ажырашып, Шэрон Рейчелге үйлөнгөн. Экөөнүн Эми, Келли, Жека аттуу балдары бар, аялы анын иштери менен алектенет.
3-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан