ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: 49 жыл мурун Кейптаунда алгачкы жолу профессор Кристиан Барнард тарабынан адамдын жүрөгү алмаштырылган

49 жыл мурун, 1967-жылы 3-декабрда Кейптаундагы Грут Шут госпиталында медицина илиминин тарыхында алгачкы жолу профессор Кристиан Барнард тарабынан жүрөк алмаштырылып, которулган. Тагыраак айтканда, өлүм алдында жаткан 25 жаштагы айымдын жүрөгүн 55 жаштагы Луис Вашканскийге салган.

Операциядан 18 күн өткөндө Вашканский өпкөсүнүн сезгенип оорушунан улам каза болгон. Андан кийинки Филип Блайберг аттуу бейтап ага салынган жүрөк менен 19 айдан ашуун убакыт жашаган. 1968-жылдын аягында дүйнө жүзү боюнча 100дөй жүрөк алмаштыруу операциясы жасалган. 1970-жылдары мындай операциялар көп жасалбай калган, себеби салынган жүрөк иммундук систем менен кабыл алынбай турганы аныкталган. 1980-жылдары иммундук реакцияларды басып койгон дарылар табылганда, жүрөк алмаштыруу операциялары кескин көбөйгөн. Ал эми учурда жүрөк алмаштыруу операциясы кадимки операциялардай болуп калган. Жүрөгүн алмаштырган адам 10 жылдан ашуун убак жашайт.

3-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан