Бул күнү Кыргыз жергесиндеги биринчи кышкы лыжа базасы ачылган. Лыжа базасы Воронцовка кыштагы менен Кашка-Суу айылынын ортосундагы "XX лет Киргизии" жайкы пионер лагеринде орун алган. Кышкы спорт түрүнө таандык базада биринчилерден болуп "Алга" спорт коомунун спорт инвентарларын убактылуу колдонууга берчү күркөсү иштей баштаган.
Өлкөнүн аймагынын 90 пайызы тоолуу болгондуктан, лыжа базасына ылайыктуу жерлер көп. Учурда республикада 23 лыжа базасы бар. 20сы Чүй облусунда, 2 база Ысык-Көлдө, 1 база Нарында.
3-декабрдын жылнаамасы.