ЭЛДИК КАБАР: "Милиция кызматкерлери сабап, учурда ооруканадамын" дейт окурман

Ноокат районунун тургуну Эрболот Тургунбаев милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Мен базардан бир аз алкоголдук ичимдик ичип койгом. Улан жана Мирлан аттуу милиция кызматкерлери менин ичкен-ичпегенимди текшербей эле, чөнтөктөрүмдү текшерип, акчамды алып коюшту. "Акчамды бергиле" десем, "Кайсы акча?" деп кайра мени сабап, баш жагымдан жаракат алдым. Алар кеткенде милиция бөлүмүнө барсам, нөөмөтчү кызматкер тиги эки кызматкерди чакырды. Алар келип, мени эшикке алып чыгып, "Ушул жерде өлтүрүп коёюнбу же чөнтөгүңө баңгизат салып каматайынбы?" деп коркутушту", - дейт Тургунбаев.

Эрболот Тургунбаев учурда ооруканада экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.

"Кайсы жерге арыздансаң, акча менен бүтүрөбүз" дешти. Бизде чындык барбы же акчалуулар гана жеңе беришеби?" - деген суроо салды Эрболот Тургунбаев.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
MinuTolik
2016-12-03 21:30:48
Oldunorgo jakwy Adam ment bolboit dep. Alardyn ar birinin ichine kirip chykkansyp! iwiner tuwposunda kokusunan..
-2
xnurgul_gul
2016-12-03 21:33:53
Мыйзамды уруп ойнобогон ХХХ болгунар келсе милиция болгула
-1
ozgeldi
2016-12-03 22:29:00
Ушундай жанылыктарды окуп жаман зеенин кейийтда
+4
Rifle_I
2016-12-04 00:27:25
Алкогольная интоксикация менен келгендер да, арак ичкендер да жакпайт. Арак ичип урушуп, анан догурунуп ооруканага жаткандар андан да жакпайт.
Бул менин жеке оюм, аны жактырбагандар да кызыктырбайт.
Негизи эле арактан алыс болууга чакырам. Эч эле болбой баратса, ошол акчага ата энесине белек алып берсин .
+3
spinkub
2016-12-04 00:31:32
Ноокаттын менттери озу ашынып кетишти. Бир нерсени корушо турган болушуп. Туура кылыпсын жазып.
+6
dastan_2016
2016-12-04 01:03:22
Жашоо ушундай озуно тын болбосон
+2
bema_bema
2016-12-04 01:44:15
Комментарий жазгандар жалан эле акылдууларго))))
+6
Rifle_I
2016-12-04 20:27:55
ХХХ смартфон колдоно албайбы же комментарий жазалбайбы ?
+1
admin_portal
2016-12-05 12:28:01
Rifle_I, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Barchynbek
2016-12-04 05:03:21
Жакшы арык казыпсын.эми чункур каз ато анга озуну тушуруп ХХХ
+1
admin_portal
2016-12-05 12:34:12
Barchynbek, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Barchynbek
2016-12-04 05:04:24
Кийинчирек патстава кылып иштешкендерине дайындап койушат.
+3
Sirduusezim
2016-12-04 09:07:26
Ар ким озу билет. Ичпейле койбопсуз, ал эми милициялар мындайда пайдаланып калышат. Колго тушкон коенду кое бериш онойбу.
+1
jergetal
2016-12-04 10:49:59
Ноомотчуго видео камера менен кирбепсиз да унчуга албайт эле
+2
nurik838383
2016-12-04 12:54:13
Супер ушуну тактап койгулачы сураныч
+1
chibik
2016-12-04 13:50:17
Эээххх. Бул жерде комментарий жазып отургандар баарынар акылдуууууусунар го. Деги эле аранарда милиция болуп иштеген туугандарынар барбы? Милиция десе эле бир "ХХХ" элестетесинер да. Силер ошол кызматкерлердин ордуна чыгып эки кун иштеп коргулочу, как раз мына референдумдун алдында. Анан айтасынар кандай экенин.
+1
admin_portal
2016-12-05 12:27:38
chibik, этика нормаларын сактаңыз!
-1
admin_portal
2016-12-05 12:26:50
MinuTolik, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Dastanwanted
2016-12-05 13:21:37
Мындайлар толтура менттерден токмок жегендер, как говорится каргашалуу карганын көзүн чукубайт беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан