Биз социалдык тармакта

Испанияда акыркы айдагы катуу ысыкта 900дөй адам каза болду

Испанияда ушул жылдын июнь айындагы катуу ысыктын кесепетинен кеминде 900 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып "Pais" басылмасы жазды.

Метеорологиялык байкоолорго ылайык, июнь 2015-жылдан бери ысыктан каза болгондордун саны эң көп катталган экинчи ай болду. Ал эми 2017-жылы ысыктан каза болгондордун саны миңге жеткен.

"Быйыл июнь айында катуу ысыкта болжол менен 900 адам каза болду. Алардын 623ү аптаптуу ысык болгон бир жумада көз жумган",- деп айтылат макалада.


Июнь айынын ортосунан тарта Европада аномалдуу ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө. Бир катар өлкөлөрдө абанын температурасы +40 градуска чейин жетип, айрым жерлерде андан да жогору болууда. Францияда, Улуу Британияда, Нидерландда жана Италияда аба ырайына байланыштуу эң жогорку деңгээлдеги кооптуулук режими киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан