Өкмөт: "Партиялардын биринин 2018-жылдан тарта энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес"

"Кыргызстан" партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде 2018-жылдан тарта ар бир төрөлгөн ымыркайга мамлекет тараптан 50 миң сом көлөмүндөгү бир жолу берилүүчү финансылык көмөк (энелик капитал) төлөнүп берилерин билдирген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбооруна тийиштүү беренени кошумчалоо тууралуу маселени карап чыгары айтылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 2-ноябрда бул сунуш финансылык негиздемеге ээ эмес экенин билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн партиянын энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес, анткени "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу тууралуу" мыйзам долбоорунда аталган финансылык каражаттар каралган эмес", - деп айтылат маалымаатта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2016-12-03 19:50:59
2018 жылы болоору да арсар экен да..
+4
Aylin.91kg
2016-12-03 23:51:28
Урматтуу Кыргызыстан партиясынын депутаттары жакында мен экинчи баламды торойм, учурда акчага муктаждыгыбыз бар. Берген убаднарды аткарып 50 мин сомду берсенер суйунмокпуз!!!
+2
Sirduusezim
2016-12-04 09:12:08
Тушубуздо коробуз буйруса. Бирок ал нерсени коро доктурдагы корупцияны жок кылса болду болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан