ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: Мындан 337 жыл мурун Эренак баштаган эне-сайлык кыргыздар Красноярскиге кол салышкан

Мындан 337-жыл мурун, 1679-жылы Эне-Сайдагы кыргыздар Алтыр, Есер аймактарынан топтолуп, орустар менен согуш башташкан. Аларга кызылдык татарлар жардам беришкен. Согуш айыгышкан мүнөз алып, кыргыздар орус чебин үч күн бою камап турушкан. Чепти коргогон орус аскерлери жоготууга учураганы менен, алар кайратынан жазбай, чабуул мизин кайтарып турушкан. Мындан улам кыргыздар чепти алуудан баш тартышып, артка кайтышкан. Эренактын аскерлери ара жолдо орустардын эки айылын өрттөп, арбын олжо менен эл-жерине келишкен.

1683-жылы 26-ноябрда Эренак Орусияга элчи жиберген.
4-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jyrgal8
2016-12-04 09:36:49
Ушул Окуяны президенттердин кабинетине илдирип коюш керек экен ар бир окуган сайын кайрат алып турушсун
+1
surgeon777
2016-12-04 22:54:01
Рахмат СИ,ушундай макалалардан коп-коп жазып тургула,китеп бетин ачпаган адамдарга кыска-нуска маалымат болот,азыркы заманда кызыктуу китеп алып окууга шарт да,убакыт да жок,мындай кыскача жана кызыктуу маалыматтар баарыбызга керек.
+1
dobrajelatel
2016-12-05 02:20:03
Кыргыз аз болсо да дунуйону кезинде титиретип турган. Азыркы кейпибизчи.... Соз жок.Томондоп кеттик.
Эренак ушул ысым жакты. Уулдуу болсом иншаллах ушундай тарыхий чанда кездешкен ысым ыйгарамын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан