ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: Мындан 885 жыл мурун перс акыны, математик жана ойчул Омар Хайям каза болгон

Бүт дүйнөгө рубаилери менен белгилүү болгон перс акыны, математик, астроном жана ойчул Омар Хайям Нишапурда туулуп-өскөн. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдынкы илимпоздорунун бири болгонго жетишет.

Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган. Ал 8 жашында Куран китебинин көбүн окуп, 12 жашында Нишапур медресесинде окуй баштаган.

"Билбейсиң, дүйнө эмне, өмүр эмне?

Туулабыз, жок болобуз чирип жерде.

Ич жыргап, аны-муну сураба көп,

Жараткан ачпайт сырын пендесине...

Шарап ич, ойлобо көп алда нени,

Ар дайым жанда болсун сүйгөн пери.

Билип кой алтын болуп кетсең дагы,

Өлгөн соң казып албайт кайра сени", - деп жазган ойчул. Мындай ыр саптары менен ал өлүмдөн кийин жашоо жок экенин айтып, бул өмүрдө ырахат алып жашоого чакырган. Ал 1131-жылы Нишапурда каза болгон.

4-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rukopashnik
2016-12-04 20:15:43
Куран китебин көбүн окуп койсо,анда неге бул жалган дүйнө,чыныгы жашоо өлгөндөн кийин болот деп айткан эмес?
менимче Куран китепти окуган эмес го,окуса мындай ырларды жазбаса керек эле.

улут ким болгон ошондо?
-4
etaj_rus79
2016-12-04 23:42:54
куранды окуган дагы медресени буткон адам эч качвн олгондон кийин жашоо жок дебейт менимче адашууго же болбосо курандан кабары жок
+1
ABDulHai
2016-12-05 01:55:02
Медреседе окуп анан ушундай ыр жазат беле, Жусуп Баласагындын ырларын өзгөрткөндөй элдер өзгөртүп салган да, Душмандар жөн койбойт да мындайды.
0
Revolyutsiya
2016-12-05 02:06:17
Аны сындоого биздин денгээлибиз жетпейт. Азыр Кыргызстан боюнча бир иштин отосунон чыккан, бир тармакта ачылыш жасаган илимпоз жок. Ал эми Омар Хайям 8 жашында Куранды окуп тушунуп чечмелесе, бир эле убакта математик, астроном жана философ болуп чон ачылыштар жасаган. Козу отконуно 1000 жылга жакын убакыт отсо да ал жазган рубаилер кызыгуу менен окулат, анткени ар торт сапта турмуш чындыгы жана сыры катылган. Арадан дагы мин жыл отсо да бул рубаилер актуалдуулугун жоготпойт..
0
Revolyutsiya
2016-12-05 02:12:07
Эми олумдон кийин жашоо жок десе ал омурундогу байкоосу, ой-толгоосу ошол жыйынтыкка алып барган чыгаар. Бирок ал силерди атеист болууга мажбурлап жаткан жок, анын коз карашы менен макул болуу же болбоо ар кимдин жеке иши. Бул жерге озунорду "мусулман" эсептеп, аалымды сындап пикир калтыруудан мурун озунор колунарга Куран китебин кармап барактап чыккыла. Мен корбосом да айта аламын, силер 8 жашында эмес, ушул жашка келип да Куран китебин окуп коргон жан эмессинер!!!
+1
Revolyutsiya
2016-12-05 02:17:33
Капа болбогула го, бирок создун чыны биз урматтаган Чубак ажы да 8 жашында Омар Хайямга окшоп Куран китебин окуп чыккан эмес. Ошентсе да Чубак ажы ислам дини тууралуу терен билим алуу учун коп жер кыдырып илимдин артынан тушкон, бугунку кундо олкодогу алдынкы дин аалымы. Бирок Омар Хайям бут омурун илимге жана дуйно сырларын, табышмагын жандырууга арнаган адам, анын тарыхтагы орду баа жеткис. Эми ар ким оз денгээлине жараша сын айтышы мумкун, бирок мындан Хайямдын аброю тушуп кетпейт.
+1
rukopashnik
2016-12-05 11:53:05
Revolyutsiya,как буд то кошо чай ичип отургандай жазыпсың го а ...
0
MAN-CITY
2016-12-05 04:11:05
Омар Хайям ХХХ адам болгон, динден анчалык деле кабары болгон эмес.
-1
admin_portal
2016-12-05 12:14:02
MAN-CITY, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан