Өзбекстанда шайлоочулардын 45 пайыздан көбү добуштарын беришти

Өзбекстандагы президенттик шайлоого жергиликтүү убакыт менен саат 12:00гө карата шайлоочулардын 45,5 пайызы катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаламов айтканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Мыйзам боюнча шайлоочулардын 33 пайызы катышканда гана шайлоо өттү деп эсептелет. Маалыматка ылайык, шайлоого 9,3 миллион адам катышкан.

Эскерте кетсек, президенттикке 4 талапкер ат салышууда: учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев, Либерал-демократчылар партиясынан Хатамжон Кетмонов, Элдик-демократиялык партиясынан Нариман Умаров, Социал-демократиялык партиядан Сарвар Отамуратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Keremet008
2016-12-04 16:13:11
Молодец 4 эле адам болот экен го бизде болсо саны бар сапаты жоок бирин таанысан бирин тааныбайсын
+4
Majit1975
2016-12-04 16:25:31
Keremet008,туура
+3
Majit1975
2016-12-04 16:26:26
Keremet008,Каримов тирүү кезинде эки эле адам болчу эле
0
Keremet008
2016-12-04 17:17:32
Билбептирмин. Шавкат дегени болсо кк эми.Биз да жакшы татыктуусун тандап алсак экен эми. Антейин десен ишке козу жеткен элди ойлогон азаматтарды тандасак акчасы барлар оной эле сындырып коюп жатат. Караап корсон баары карт карышкырлар. Биринен отуп бири бубу бакшыларга эмитен каттап атышкандыр.
+3
Keremet008
2016-12-04 17:21:27
Эмки ажобуз эмнелерди ХХХ экен эми ооруп калсам элим тулоо откорду дейт го бироолор. Бир кошааматчы конул учун мына Кой таштагы элдер тулоо откоруптур сизди ойлоп деп калптан койсо кк да ага АШАбыз ишенип суйунуп алганына куйосун да каап. Же тулоо откоргонунун фотолорун да корбосо деле кк.
+1
admin_portal
2016-12-05 12:38:32
Keremet008, этика нормаларын сактаңыз!
0
Nur1k
2016-12-04 21:58:37
Шавкат болот бул талашсыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан