Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктап, добуштар санала баштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Азырынча чет өлкөдө бир нече шайлоо участкалары жабыла элек.
Маалыматка ылайык, саат 19:00гө чейин 17,7 миллион адам же шайлоочулардын 86,62 пайызы добуш берди. Учурда добуштар санала баштады, алгачкы жыйынтыктар жергиликтүү убакыт менен саат 22:00дөн кийин жарыяланат.
Алгачкы жабылган шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү эреже бузуулар болбогонун белгилешкен.