2016-жылдын 2-декабрында милиция кызматкерлерине Токмок шаарынын 1956-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну кайрылып, 1986-жылы туулган Мухамед Лиров аттуу баласы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, Мухамед Лиров 2-декабрь күнү Мерседес Бенц унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Ошол күнү ал кара спорттук куртка, күрөң түстөгү жынсы шым, бутуна кара түстөгү өтүк кийип жүргөн. Эгер ал жөнүндө маалыматтар болсо, 102 же (0557) 77-00-03 телефон номурларына кабарлап койсоңуздар.