ЖЫЛНААМА, 5-ДЕКАБРЬ: Кыргыздын туңгуч энциклопедисти Закон Бейшеев 80 жашка толду

Бүгүн, 5-декабрда кыргыздын туңгуч энциклопедисти Закон Бейшеев 80 жашка толду. Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин басма сөзүнүн отличниги, туңгуч энциклопедист З.Бейшеев 1936-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында төрөлгөн.

1958-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо-кен жана геология факультетин бүтүрүп, 1958-71-жылдары Кыргыз геология башкармалыгынын геологиялык экспедицияларында геолог, отряд жетекчиси болуп эмгектенген.

1972-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети менен Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Кыргыз өлкөсүндө алгачкы универсал энциклопедия даярдап жарыкка чыгаруу жөнүндө чечимине байланыштуу Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясында иштөө үчүн чакырылган. Мында ал 44 жыл эмгектенип, илимий редактор, редакция башчысы, энциклопедиянын жооптуу катчысы жана башкы редактордун орун басары кызматтарында ийгиликтүү эмгектенген. Натыйжада кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы улуттук-универсалдык энциклопедияны даярдоого жигердүү катышкан жана аны басып жарыкка чыгарууну уюштуруп, орчундуу салым кошкон.

“Манас” энциклопедиясын даярдап чыгаруу демилгесин көтөргөн, ошондой эле илимий-маалыматтама басылмаларын калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Анын түздөн-түз жетекчилиги менен Кыргыз Совет энциклопедиясынан башка ондогон аймактык энциклопедиялар жана сөздүктөр жарык көргөн.

3.Бейшеев 2003-жылдан тартып көп томдуу улуттук энциклопедиянын жаңы басылышына активдүү катышып, кыргыз элинин көп жылдык тарыхы менен маданиятын, искусствосу менен илим-билимдеги жетишкендиктерин даңазалоо жана элге жеткирүү максатында башкы редактордун орун басары катары кыйла салым кошкондуктан, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Тарых жана маданият жылына карата бардык томдору жарык көрдү.

5-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан