Ошто каналга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 4-декабрь күнү Жапалак айыл аймагында болгон. Анда Араван каналына белгисиз адам мас абалында сууга түшүп кеткен.
"Ал жерге куткаруучулар барышып, жаранды суудан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.