Төө-Ашууда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 4-январга чейин камакта калтырылды

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнү саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда-Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда-Степ унаасынын ичинде 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субару үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алган.

"Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 1981-жылы туулган Т.Камбаралы Жайыл райондук сотунун 7-ноябрдагы чечими менен 2017-жылдын 4-январына чейин камакка алынган. Буга айыпталуучунун жактоочусу макул болбой, Чүй облустук сотуна кассациялык арыз менен кайрылган. Облустук сот арызды 26-ноябрда карап, канааттандыруусуз калтырды", - деп билдирди Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nazikbaigazy
2016-12-05 12:27:38
Шопур куноолу деп айтбаш керек техника техника да тормузу кармабай калса не кылсын бечара ал деле муну каалаган жок да, каза болгондордун жаны жанаатта болсун кудайга керек болсо башка жерде деле алып кетмек.
+12
dasta
2016-12-05 12:31:09
Ее айланып кетейн суперчилер. Жанылап койгулачы. Бир ирмемди окуп алайн чыкпаса чыкпайт деп айткыла. Ошончо елди куттурбой
+15
souza.j
2016-12-05 12:31:11
Айдоочуда куноо жок го менимче. Кырсык каш кабактын ортосунда да.
+10
sarbo
2016-12-05 12:31:26
Аллахым уй булобузду, айылыбызды, бир туугандарыбызды, олкобуздун ар бир жаранын ар турдуу кырсыктан сактасын. ООМИИН!!!
+8
ilana
2016-12-05 12:39:58
эмеге жаныланбай жатат. мен да кайра кайра кирип карайм бир ирмемди окусам эле болду эле
+7
Aquarius84
2016-12-05 13:07:01
Жаны саны канаааааааааа?????? Бугун жаныланабы теги?? ??????
+6
Antoshka2016
2016-12-05 13:08:15
Супер.эмне концертке даярданып колунар бошобой жатабы
+5
admin_portal
2016-12-05 13:13:40
Antoshka2016, Aquarius84, ilana, dasta, саламатсыздарбы? Жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуздар.
-7
adimyrza
2016-12-05 13:24:06
admin_portal,баш бакбай эле жашап калдыкко
+7
orozova
2016-12-05 13:43:17
Чамасы гезитер сатылып кетсин деп чыгарбай жатышатгоо же концерт откондон кийин чыгарат
+6
tashkan
2016-12-05 15:06:32
Кудай озун сактай кор. Жайлары жайлуу болсун аамин.
+2
nzamir
2016-12-05 23:36:43
среда куну жаңыланат имишго
0
elhanchik
2016-12-06 01:01:04
чыдамчыздык мн кутоом жаны санын
0
Bishkek.001
2016-12-06 07:37:59
Админ ава бу не кыганыныз э
0
admin_portal
2016-12-06 11:29:15
ozgeldi, Bishkek.001, nzamir, elhanchik, саламатсыздарбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыздар болот
http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
Kroxa
2016-12-06 15:53:38
Бизнестин жаны туру чыдабасанар сатып окугула среда сайын чыгат экен мындан ары,,сатыкка санын кобойтушкон го жаны жылга акча жасайлы деп:-):-):-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан