Төө-Ашуудагы жол кырсыгынын келип чыгышына оор жүк ташуучу унаанын тормозунун кармабай калышы себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда-Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ унаасында 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда-Степ унаасында 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субарудагы 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Учурда унаа жолго коюлган убактылуу чектөө алынып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.