Казакстанда чек арачылар Жаңы Зеландия деген мамлекетти билбегени үчүн бул өлкөдөн келген туристти киргизбей турушту. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, саякатчы Хлои Филлипс-Харрис чек арачыларга Жаңы Зеландия Австралиянын бир бөлүгү эмес экенин далилдеп жатып Алматыдагы аэропортто бир суткадан ашуун убакыт өткөрүүгө мажбур болду. "Мен аэропортко келгенде менден австралиялык паспортумду сурашты. Эгер мындай паспортум жок болсо, мени өлкөнүн аймагына киргизбей турганын айтышып, Кытайга учакка салып жиберерин билдиришти. Андан соң алар полиция кызматкерлери менен биргеликте мени дүйнөнүн картасы бар бөлмөгө алып кирип, Жаңы Зеландияны көрсөтүүнү сурашты. Бирок бул картада менин өлкөм белгиленбептир", - дейт турист айым.
Жыйынтыгында бул маселе чечилип, Жаңы Зеландиянын жаранына Казакстанга кирүүгө уруксат беришти.