2016-жылдын 5-декабрынан 7-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр, Красная Горка-Ак-Таш, Нарын-Казарман унаа жолдорунда унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.