Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова турмушка чыкты. Бул тууралуу 5-декабрда SUPER.KG порталына депутаттын жакындары тастыкташты. Айтылгандарга таянсак, депутаттын үлпөт тою жекшембиде Бишкектеги ресторандардын биринде өттү.
Тар чөйрөдө өткөн салтанатка депутаттын жакындары, кесиптештери жана башкалар катышты. Жолдошу банк тармагында иштейт.
Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. 1988-жылы туулган. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Кесиби боюнча - экономист.