Сузак райондук суу чарба башкармалыгында мыйзам бузуулар аныкталып, айып салынды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук суу чарба башкармалыгына айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суу чарба башкармалыгы атайын текшерүүгө алынып, жыйынтыгында суу мыйзамдарынын бузулган фактылары катталган.

"Катталган мыйзам бузуулар боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Жалал-Абад облусундагы адистери тарабынан жеринде 1 акт, 12 протокол толтурулган. Учурда салынган айыптын 24 миң сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан