Баатыр энелер үчүн ордендерди жана медалдарды жасоого 9 миллион 624 миң сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Маалым болгондой, 7 миллион 53 миң сомго 3 миң даана Баатыр эне ордени жана 2 миллион 571 миң сомго 1,5 миң даана Эне даңкы медалы жасалмакчы.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасында жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган эне Баатыр эне ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган эне Эне даңкы медалы менен сыйланат.