"Кумтөргө" ишке орношуу тартиби

"Кумтөр" алтын кенинде мага ылайык жумуш барбы?" деп компаниянын Facebook баракчасына акыркы кезде кайрылуулар көбөйдү. Ишканага жумушка кирүү тартиби төмөнкүдөй:

Алдынкы өнөр жай өндүрүшүнө ишке орноштуруу боюнча критерий катарында биз минималдуу квалификациялык талаптарды коёбуз. Талапкерлердин билими жана квалификациялык сапаттары арыз берилген позицияларга дал келиши керек, талапкерлер кен ишканасында бийик тоо шарттарында иштөө үчүн зарыл болгон жакшы саламаттыгын далилдөө үчүн медициналык изилдөөдөн өтүүгө тийиш. Персоналды жалдоо процессибиз эл аралык стандарттарга дал келет жана калыстык менен ачыктыкты камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын эске алат.

Алгач кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана карьердик өсүш үчүн кулактандыруулар тактасында "Бош орундар" аталышы астында компаниянын ичинде кулактандыруу жайгаштырылат. Ишкананын ичинде ылайыктуу талапкерлер жок болгондо талапкерлерди тыштан тандоо демилгеленет. Вакансиялар жөнүндө маалымат ишкананын www.kumtor.kg сайтындагы бош орундар бөлүмүндө, гезиттерде жана биздин маалымат борборлор жайгашкан айылдарда кабарланат.

Каалаган адис анкета тапшыра алат. Анкета боюнча тандалып алгандан кийин маектешүү өткөрүлөт, комиссиянын курамына кадрлар бөлүмүнүн өкүлдөрү, вакансия бар бөлүмдүн өкүлү, өндүрүштүк окутуунун инструктору жана чет элдик адис кирет. Андан өткөн талапкерлер тест тапшырышмакчы. Эгерде комиссия сизди ишке ылайыктуу деп чечсе, медициналык кароодон өтөсүз. Эгерде медициналык кароодон ийгиликтүү өтсөңүз, анда сиз мурдагы иштеген жериңизден бошонуп жана биздин компанияга иштөөгө таризделе аласыз.

Тоо-кен ишканасы жана башка объектилерибиз жайгашкан административдик райондордогу жамааттардан талапкерлерге артыкчылык берилет. Тандап алууда үй-бүлөлүк жана жеке байланыштар үстөмдүк же артыкчылык кылбайт. Кызматты алуу үчүн квалификация, тажрыйба жана ишке жарамдуулук негиз болот. Ишке орношуу үчүн сиз эч кимге акча бербейсиз! Акча сурап, ишке орноштуруу сунуштары ар дайым жалган жана алдамчылык экенин эскертебиз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан