Бишкекте 30-апрелде жана 1-2-майда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жарманкелерде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кумшекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.
Дареги: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши).