103 жыл мурун советтик хирург-кардиолог Николай Амосов туулган. Ал 1913-жылы 6-декабрда Орусия империясынын Новгород губерниясында жарык дүйнөгө келген.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда хирург болуп иштеп, согуштан соң Москва шаарында жашаган. 1950-жылдардын башында Украинанын Киев шаарына көчүп барып, Медициналык институттагы кафедраны башкарган.
Амосовдун илимий-практикалык ишмердүүлүгүндөгү негизги багыт болуп жүрөк ооруларын хирургиялык дарылоо эсептелет. 1955-жылы Украинада биринчи болуп жүрөк кемтигин дарылоо менен алектенип, аны хирургиялык дарылоо ыкмаларын жана СССРде биринчилерден болуп жасалма кан айлантуучу аппаратты ойлоп тапкан.
Николай Амосов хирургдардын жана кардиологдордун эл аралык коомдорунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк журналдардын редколлегия мүчөсү, ошондой эле СССРдин Жогорку Советинин 4 чакырылышынын депутаты болуп иштеген.
Н.Амосов жазуучу катары дагы таанымал. Айта кетсек, ал "Ойлор жана жүрөк", "Келечектен каттар", "Бактылуулук жана бактысыздык жөнүндө китеп", "Карылыкты жеңүү", "Мезгил үндөрү" жана "Амосовдун энциклопедиясы" аттуу эмгектердин автору.
1974-жылы Амосов Советтик Жазуучулар союзуна кирген. Мындан тышкары ал 400гө жакын жүрөк жана кан тамыр оорулары, өпкөнүн кургак учугу жөнүндөгү илимий эмгектердин автору. Ал жасалма акыл-эсти жасоо жөнүндө кыялданган.
Николай Амосов 2002-жылы 12-декабрда Киев шаарында 90 жаш курагында көз жумган.
6-декабрга карата жылнаама.