Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында электр энергиясынын тартыштыгынан 100дөн ашуун наабайкана ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия электр энергиясын колдонгон наабайчыларга жазга чейин убактылуу ишти токтотуп турууну айткан. Бүгүнкү күндө 86 наабайкана отун жана көмүр колдонууга өткөн.
Жашоочулар шаардык мэриянын мындай демилгеси нандын кымбатташына алып келерин айтып жатышат, бирок учурда нанга болгон баа мурдагы суммада сакталууда. Ал эми шаар бийлиги ишин токтоткон наабайчыларга кыш мезгилиндеги иштебей отурган убакыттарына компенсация төлөп берүү жолун карай элек.
Тажикстанда электр энергиянын таңсыктыгы 3 миллиард киловатт-сааттан ашык экени айтылууда.