Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам 13 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1983-жылы туулган Илхамжан Алимжанов "Катибати имам-Аль Бухари" аталышындагы террордук уюмдун идеяларын жактап, 2016-жылдын февраль айында Сирияга кеткен. Ал жакта өкмөттүк күчтөргө каршы күрөш жүргүзүп, Лирамон, Идлиб, Кафар Хамра жана Урум шаарларында согуштук аракеттерге катышкан.

"Жалал-Абад шаардык соту 30-сентябрь күнү "жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуштук аракеттерге катышуусу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Буга макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Кийин жактоочу өз арызын кайтарып алган. Мындан улам облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган", - деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kaidiger
2016-12-07 12:06:43
Эми ал жон жатпай турмодогулорго радикалдуу исламды угуттой баштайт
+3
meni_kut
2016-12-07 12:27:38
Кыргызстандагы башка улуттар куйгузду,Акчага сатылгандар.
+4
Rifle_I
2016-12-07 20:56:48
Жаңы паспортко улут жазыла турган болдубу ? Билгендер жаза кетсеңер.
+2
adiikoo
2016-12-07 12:34:57
Неге добуш берууго укугубуз жок
0
adiikoo
2016-12-07 12:35:39
Коментарини чыгарбай жатасын админ
+1
admin_superstan
2016-12-07 13:35:40
adiikoo, саламатсызбы? Кандай катачылык болуп жатат? Скриншот жиберсеңиз.
0
saltanat2015
2016-12-07 13:11:44
Кайра кантип Кыргызстанга кирген. ХХХ ХХХ бул адамдын колунан жакшылык келбейт
+3
admin_superstan
2016-12-07 13:36:18
saltanat2015, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Rifle_I
2016-12-07 20:57:36
Жарандыктан ажыратуу боюнча Атамбаев кол коюп жатты беле ?
0
kani-esen
2016-12-07 13:23:17
Омур бойу камаш керек эле
+4
kubat_73
2016-12-07 14:13:59
Андайлардын жактоочусун кошо соттош керек
+4
bond0202
2016-12-07 15:15:29
ушулардын кесепетинен москвадагы кыргыздар азап тартып жатышат
+6
osmonsheraliev
2016-12-07 17:35:47
Сирияга кайра кубалаш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан