Кыргыз өлкөсүндө сасык тумоого байланыштуу мектептер жана бала бакчаларды жабуу уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 9-декабрда 13 мектепте окуу токтотулду. Ошону менен учурда республика боюнча жабылган билим берүү мекемелеринин саны 174кө жетти.
Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, өлкөдө курч респиратордук оорулар боюнча кырдаал оор бойдон калууда. Ал эми сасык тумоонун жаңы тибине жарандардын иммунитети жок болууда.