Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашуу тууралуу арыз берген соң алардын үй-бүлөсү моралдык соккудан улам психологдордун кызматына муктаж болгон. Жолинин айтымында, алардын жардамы балдарга эч кандай таасир бербей келет. Андыктан анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жаңы психотерапевт керек. Анын кызматы үчүн актриса бир топ акча төлөп берүүгө даяр.
Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, жакында эле Анжелина Жоли Питтин адвокатына экс-күйөөсү жаңы адис табууда жардам көрсөтүүсүн суранып кат жолдогон. Актрисанын айтымында, учакта чыккан Брэд экөөнүн ортосундагы чыр алардын балдарынын психикасына катуу таасир эткен. Андыктан эми аларга күчөтүлгөн психикалык терапия керектигин, ошондой эле Питт экөө бул кырдаалда биргеликте аракет жасашы зарыл экенин айткан.