Аламүдүн районундагы Кара-Коо дачалык тилкесинде жер көчкү жүрүү коркунучу дале сакталууда

Аламүдүн районундагы Кара-Коо дачалык тилкесинде жер көчкү жүрүү коркунучу дале сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Коо дачалык тилкесинде турак үйү жардын түбүндө жайгашкан жашоочу өз жерин чоңойтуу максатында жарды казып, аянтын чоңойткон. Натыйжада 2016-жылдын 5-декабрь күнү саат 16:00 чамасында болжол менен көлөмү 200-300 метр куб жер көчкү жүрүп, 1 турак үйдүн дубалын басып калган. ӨКМнын адистеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында топурактар жумшаргандыктан коңшу үйлөргө жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги аныкталган. ӨКМнын райондук бөлүм башчысы тарабынан 2016-жылдын 8-декабрында Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысына дача тилкесиндеги №6-үйдөн №21-үйгө чейинки жашоочуларга 15-декабрга чейин туугандарынын үйүнө көчүп чыгып кетүүсү боюнча эскертүү берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан