Түштүк Кореянын парламенти президентке импичмент жарыялады

Түштүк Кореянын парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялады. Бул тууралуу "Франс-Пресс" агенттиги билдирди. Импичментти колдоп 234 депутат добуш берди. Эми жарым жылдын ичинде президентти кызматтан кетирүү маселесин Конституциялык Сот карайт.

Президенттин курбусу мамлекеттик саясатка таасир эте тургандыгы жөнүндөгү маалымат октябрда жергиликтүү ММКларга чыккандан кийин Пак Кын Хенин рейтинги түшүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, курбусу өлкөдөгү корпорацияларды кол алдындагы фонддорго акча бөлүп берүүгө мажбурлап жүргөн. Учурда аял кыянаттык кылууга айыпталып, камакка алынган.

Андан сырткары кызмат абалын ашыкча пайдалануу айыбы менен президенттин мурдагы бир нече жардамчысы да камалган. Пак Кын Хе элден кечирим сурап, бирок кызматтан кеткен эмес.

Түштүк Кореяда ноябрдан бери президенттин отставкасын талап кылган массалык акциялар өтүүдө. Нааразы болгондор Пак Кын Хени өлкөнү башкарууга жөндөмсүз деп айыпташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2016-12-09 17:20:01
Биз анда Атамбаевга импичмент жарыялаганга толук акыбыз бар экен. Шопуру бут нерсеге таасир этип атат
+4
bekmaral
2016-12-09 20:20:13
Жакында Текебаев документтерди чогултса бизде да болот жана биз колдойбуз.
+1
Sharos3
2016-12-10 03:25:36
bekmaral,
Туура импичмент бизге керек негизи колдош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан